Оштогу ооруканадан өрт чыкты

ӨКМ маалымат таратып, Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыкканын билдирди. Өрттү өчүрүүгө саат 08:03тө Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Буга кошумча саат 08:13тө №12 ӨКБдан 1, №13 АӨКБдан 2, №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Жеринде жалпы 5 эсеп жана штаб иштеп жатат.

Өрт өчүрүүчүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 8:30да тилсиз жоо чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

6 Январь 2025 жыл 10:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча