Орунтаев Оштогу 10 жылдан бери курулуп бүтпөй турган мектептин абалы менен таанышты

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндө жайгашкан 720 орундуу И.Раззаков
атындагы мектептин курулушу менен таанышты.

Объекттин курулушу 2013-жылы башталган.
Аталган курулуш объектиси Мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Учурда мектептин тышкы жасалгалоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, ичин жасалгалоо иштеринин 85 пайызы аткарылылды. Окуу корпусунун курулуш жумуштарын бүткөрүү 2023-жылдын декабрь айына пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш жумуштары кызуу жүрүүдө.

30 Ноябрь 2023 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча