Парижден кайткан паралимпиадачылардын ар бирине сыйлык берилди

«Манас» эл аралык аэропортунан Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанатка катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов спортчулардын Паралимпиада оюндарына ийгиликтүү катышканын белгилеп, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын айтты.

«Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар», — деди минкаб төрагасынын орун басары.

Байсалов гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Паралимпиадачылар Гүлназ Жүзбаевага (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызына (триатлон), Маматибраим Сурановго (дзюдо) жана Миргүл Болоталиевага (пауэрлифтинг) 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

10 Сентябрь 2024 жыл 10:54

Тема боюнча