Парламентте кайрадан Бишкектеги төрт райондун атын өзгөртүү сунушталды

Жогорку Кеңеште Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Айбек Алтынбеков райондордун аталышын өзгөртүүнү сунуштап, бул маселени мэрия менен Бишкек шаардык кеңешине карап чыгууну табыштады. Аны менен бирге Бишкекке кошулуп жаткан айылдардын аттарын өзгөртүү сунушун айтты.

Парламенттеги жыйынга катышып жаткан мэр Айбек Жунушалиев бул маселени кароого даяр экенин билдирди.

Бишкектеги төрт район Свердлов, Ленин, Биринчи май жана Октябрь деп аталып келет. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев да алардын аталышын өзгөртүү керектигин айткан.

21 Июнь 2024 жыл 18:12

Тема боюнча