Бир жыл мурун тогуз айлык Бани аттуу пил Бани коркунучтуу кырсыкка кабылган. Аны Индиянын Уттаракханд штатында ылдам жүрүүчү поезд сүзүп кеткен. Бул тууралуу «The Independent» басылмасы жазды.
Кырсыктан кийин аны талаага ыргытып жиберишкен жана алган жаракаттары пилди шал кылган. Толук жашоого мүмкүнчүлүгү жоктой болгон.
Бирок, тагдырга жараша ао тирүү калган.
Бани Индиянын Матурадагы (Уттар-Прадеш) биринчи пилдердин адистештирилген ооруканасына жеткирилген, ал жерде ветеринарлар тобу анын бутуна туруу үчүн колунан келгендин баарын кылышкан.