Президент администрациясындагы кадрларды алмаштырды

Муканбетов Санжар Турдукожоевич президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин башка буйругуна ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

26 Декабрь 2023 жыл 8:30

Тема боюнча