Президент депутаттын айтканына жооп берди

Депутат Шайлообек Атазов президент кабыл албайт деген нааразылыгын билдирген. Бул боюнча Садыр Жапаров пикирин билдирди.

«Мен депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм. Аксы окуясынан баштап, апрель, июнь, октябрь окуяларында жабыр тарткандарды, аксакал, көк сакалдарды кабыл алдым. Баарына сылык мамиле жасайм. Эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшсүн»,- деди ал.

14 Март 2024 жыл 10:16

Тема боюнча