Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы кыргыз прокуратурасы – мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин белгиледи. Анткени, мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо укук коргоо тутумунун, анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен түздөн-түз көз каранды.
Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукка так көзөмөл кылуу – анын негизги талаптары болгонун баса белгиледи. Кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши.