
Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит Афтандил Сабырбеков жана анын бир тууганынын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу редакцияга Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунун 1-октябрдагы токтому менен Сабырбековдордун камактагы мөөнөтү 3-декабрга чейин узартылган.
Бир туугандар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү «Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» боюнча айыпталууда. Алар үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эске салсак, Афтандил Сабырбеков 5-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын жасап, тараткан деген шек менен кармалып, СИЗОго киргизилген. Андан кийин Афтандил Сабырбековдун бир тууганы Тариэль да кармалып, камакка алынганы маалым болгон.