Режиссер Сүйүн Откеев кыргыз тили мазакталып жатканын сынга алды

Режиссер Сүйүн Откеев социалдык тармактагы баракчасында кыргыз тили мазакталып жатканын айтып, видео менен бөлүштү.

Видеодон көргөндөй, алар кыргыз тилинде пиццага буйрутма бере албай коюшкан. «Ошентип «Экини» айта албаган кыргыздар пицца жей албадык. Ыйлайлыбы же күлөлүбү? Бул мекеменин башчысы ким болсо да кыйын экен, Кыргыз мамлекетинде туруп алып кыргыз тилин ачык эле мазактап коюптур»,- деп жазды ал.

4 Март 2024 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча