Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызыктар

Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү вариантын карап жатат. Бул тууралуу Россиянын улуттук жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитетинин вице-президенти Игорь Павлюк маалымат жыйында билдирди.

«Бизде ойлонууга убакыт бар. Оюндарды өткөрүүгө укук алганга чейин, жөнгө салуу планында турган бир катар маселелерди чечүү керек»,- деди Павлюк.

Ошондой эле, Россия дагы көчмөндөр цивилизациясынын бир бөлүгү болгон жана өзүнүн каада-салты, маданияты бар өлкө жана спорт бул мелдеш гана эмес, бул достук, урмат-сый жана тилектештик жөнүндө экенин кошумчалай кетти.

Быйыл, Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Россиянын командасы жалпы медалдардын саны боюнча үчүнчү орунду ээлеген. Оюндар эки жылда бир өткөрүлөт, кийинкилери Кыргызстан тарабынан өткөрүлөт.

20 Сентябрь 2024 жыл 8:51

Тема боюнча