Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктады

Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, үй-бүлөнүн отун өчүрбөй улай турган касиетке эгедер экенин билип, аздектеп, сыйлап келишкен. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Энелер күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

Өлкө башчы май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленерин, бул күн ар бир жарандын жүрөгүндө мээримдүүлүк, боорукерлик сезимин козгоо менен дүйнөдө энеден өткөн ыйык эч ким жок экенин эске салып турарын белгилеген. Ошондой эле анда эненин бийик зоболосун нарк-насил менен жашаган кыргыздын турмушу ырастап турары айтылып, кыргыз наркында эненин орду бийик экени жазылган.

«Элибиз эчактан эле бүтүндөй бир мамлекеттин пайдубалы эне кармап турган бекем үй-бүлөдөн башталарын жаземдебей түшүнүшкөн. Мындан улам, эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, үй-бүлөнүн отун өчүрбөй улай турган касиетке эгедер экенин билип, аздектеп, сыйлап келишкен. «Дүйнөнүн түркүгү – энелер» деген акылман элибиз», — деп жазылган куттуктоодо.

Ошондой эле Садыр Жапаров бабалардан келаткан мындай наркты абийирдин мыйзамы катары тутунуп, жаштар энени терең урматтаган адамдык улуу сапатка ээ болушу керектигин айткан.

Соңунда президент энелерге үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалап, алар жашоонун тиреги, өмүрүдүн соолугус булагы болуп жүрө беришин тиленген.

19 Май 2024 жыл 11:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча