Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда тараптар кыргыз-өзбек бизнес-форуму, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү жана башка бир катар иш-чаралардын программасын даярдап жатышат.

«Бул сапар кыргыз-өзбек мамилелериндеги дагы бир бурулуш окуя болуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого маанилүү түрткү бериши керек», — деп ишенет Акылбек Жапаров.

3 Май 2024 жыл 18:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча