
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Эркин Чечейбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына тааныштырды.
МинКаб төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.