Самбочу Жамалбек Асылбек уулу Армениядагы дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык самбочу Жамалбек Асылбек уулу Армениядагы дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ал 88 кг (спорттук самбо) салмакта күч сынашкан. Финалда казакстандык спортчуну жеңип, дүйнө чемпиону атанган.

Ошондой эле Бектен Эркебай уулу (88 кг, күжүрмөн самбо), Саяк Бараканов (64 кг, спорттук самбо) жана Бекболот Токтогонов (+98 кг, спорттук самбо) коло медаль тагынган.

13 Ноябрь 2023 жыл 12:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча