Таяктын башы парламенттин башына тийчү болду. Кой деген кожо жок! Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо айтты.
Анда эл өкүлү депутаттын ишине жана милдеттерине кирбеген маселелер боюнча парламентти айыптаган учурлар көп экенин белгилеп, Мамлекеттик жана Улуттук телеканалдар аркылуу коомчулукка туура түшүндүрүү, жеткирүү зарылдыгын белгиледи.
«Жолду, көпүрөнү ким салат, ким курат? Жол салган, суу чыгарган жана социалдык обьектерди курган бул депутаттын жумушу эмес. Муну өкмөт жасайт. Көчөдө унаалардын тыгыны болсо деле, аялы менен күйөөсү урушуп кетсе деле депутаттар эмне кылып отурат? Парламент эмне футболный топбу? Тепкилетип коюп отура беребизби?», -деди депутат.