«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси, «Маариф» фондуна өткөндүгү тууралуу үн катты

Жаңы жыл алдында Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондуна өткөндүгүн КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кабарлаган.

Андан кийин аталган билим берүү мекемеси бул иш абдан күтүүсүз болгонун жана мындан ары мыйзам талаасында иш алып барарын билдирген эле.

Бүгүн 2-январда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган:

«Бүгүн, 2025-жылдын 2-январында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик “Маариф” фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз».

2 Январь 2025 жыл 21:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча