Сейитбек уулу Мунарбек III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган Жарлыктарга кол койду.

Жарлыкка ылайык, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы,
көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча
улуттук курама командасынын мүчөсү Сейитбек уулу Мунарбек III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

“Даңк” ордени менен Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин машыктыруучусу Мамбетов Ратбек, Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин бокс бөлүмчөсүнүн машыктыруучусу Султанбаев Беганас, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Төлөгөн уулу Данияр сыйланышты.

“Даңк” медалы менен Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдарөспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Махмудов Хаким сыйланды.

Дагы кайсы спортчулар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгону тууралуу маалымат тиркемеде.

23 Декабрь 2024 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча