Сербияда өкмөткө каршы өтө чоң митинг өттү

Ишемби күнү Белградда Сербияда өкмөткө каршы эң ири демонстрация өттү. Маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Белграддын көчөлөрүнө жарым миллион адам чыкты. Бийлик Белграддагы демонстрацияга катышкандардын санын кыйла жупунураак деп эсептешет — 107 миң адам.

Митингдердин кыймылдаткыч күчү студенттер. Аларды окутуучулар жана профессорлор, фермерлер жана Сербиянын башка тургундары колдоп жатышат. 15-марттагы митингдин уюштуруучулары Белград университетинин студенттери жана кызматкерлери болушту.

Демонстранттар Сербиянын прогрессивдүү партиясы менен Сербиянын президенти Александр Вучичтин бийликтен кетишин талап кылышты. Нааразылык акциялары 1-ноябрда Сербиянын түндүгүндөгү Нови-Сад шаарындагы темир жол станциясында бетон сарай кулап, 15 киши каза болгондон кийин башталган.

Негизги талап — күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, бирок нааразылык акциясы өкмөткө каршы мүнөзгө ээ болду, анткени сербиялык тургундардын көбү бул кырсыкты өкмөттөгү коррупциянын күчөшү менен түшүндүрүшөт.

Нааразылык акцияларынын тушунда Сербиянын премьер-министри жана Нови-Саддын мурдагы мэри Милош Вучевич январдын аягында өкмөт башчылык кызматын “чыңалууну жеңилдетүү үчүн” таштап жатканын жарыялаган. Аны менен кошо шаардын азыркы мэри да кызматтан кеткен. Вучевичтин отставкасын парламент кабыл алышы керек болчу, бирок бул маселени кароо жылдырылып келет.

17 Март 2025 жыл 6:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча