Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда БШКнын жыйынында билдирди.
Ал өз каалоосу менен милдетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын кароону суранды.
БШК мүчөлөрү анын чечимин колдошту.
Шайлдабекова 2016 жана 2021 — жылдары эки жолу БШКнын төрагалыгына шайланган.