Швейцария Гүлнара Каримованын конфискацияланган мүлкүн кайтарат

Өзбекстан менен Швейцариянын өкүлдөрү экс-президенттин улуу кызы Гүлнара Каримованын конфискацияланган мүлкүн бөлүштүрүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Макулдашуунун алкагында Өзбекстанга 182 миллион долларга жакын акча кайтарылып берилет.

«Бул каражаттар Өзбекстандын айрым жарандары тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган жана 2012-жылы Швейцариянын Башкы прокуратурасы тарабынан Г.Каримовага каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында толугу менен конфискацияланган», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Акча Өзбекстанга БУУнун алдында түзүлгөн көп тараптуу трасттык фонд аркылуу которулат. 2022-жылдын февралында Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарындагы эсептеринде калган 131 миллион доллар Өзбекстанга кайтарылууга даяр экени кабарланган.

Өзбекстанда Гүлнара Каримовага эки кылмыш иши козголгон — уурулук жана салык төлөөдөн качуу боюнча. 2015-жылы биринчисинде 2017-жылы беш жылга эркинен ажыратылган, экинчисинде 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк бул жаза беш жылга эркинен ажыратуу менен алмаштырылган. 2020-жылдын март айында Ташкент шаардык соту аны кутумчулук, опузалоо, уурдоо жана карактоо, арам акчаны адалдоо жана башка кылмыштар боюнча айыптап, 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан. 2025-жылы январь айында ал колонияга которулган.

Каримовага каршы кылмыш иштери Өзбекстанда, ал АКШда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө ушуга окшош коррупция жана арам акчаны адалдоо иштерине аралашкандан кийин ачылган.

7 Февраль 2025 жыл 8:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча