
“Манас” аэропортундагы жоголгон жүктөрдү 182 сомго сатабыз” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, социалдык баракчаларда айтылган маалыматтар фейк аккаунттар аркылуу тарап жатат. Андыктан кыргызстандыктарды алданып калбоого чакырышууда.