Синоптиктер келерки аптада көпчүлүк аймактарда кар жаай турганын маалымдашты

Кыргызгидромет республика боюнча 12-январга чейин күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат берди. Синоптиктер келерки аптада көпчүлүк аймактарда кар жаай турганын маалымдашты. 

Бишкекте 8-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй жана Таласта 5-6-январда айрым жерлерде кар жаап, туман түшүшү ыктымал. 7-январда күн ачык болот. Бирок эртеси көпчүлүк жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Аптанын калган күндөрү жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде келерки жуманын 7-январь жана 9-11-январь күндөрү күн ачык болору айтылды. Калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарында алдыдагы аптада кар көп жаайт. Синоптиктердин айтымында 10-11-январь күндөрү күн ачык болуп, калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө. Нарында 7-январь күндүз жаан-чачын болору айтылды.

8 Январь 2025 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча