«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 07:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №9 ЖТИнин сунушу боюнча кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.

26 Февраль 2025 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча