
Бүгүн 21-январда Бишкек шаардык соту №1 тергөө абагында отурган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды.
Биринчи май райондук сотунун Султанбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны абакка камоо тууралуу буга чейинки чечимине каршы апелляциялык арыз жазышкан. Бул тууралуу Султанбековдун партиялашы Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазды.
Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта.
Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан. Адвокат анын ден соолугу начарлап, өз алдынча баса албай калганын билдирген.