Өспүрүмдөр канткенде кылмыш кылбайт? Прокуратура сунуш айтты


Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагындагы жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун абалы жана ага алып барчу жагдайлар тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун жардамчысы Жибек Шералиева маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6 айында Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча 88 кылмыш иштери козголгон.

Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 8 кылмыш иштери козголуп, алардын ичинен:

— зордуктоо – 4 ;

— сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер – 1 ;

— он алты жашка толо элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен – 2 ;

— ыплас аракеттер менен – 1

«Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн кылмыш жасоосунун себеби, балага болгон ата-энесинин мамилесинен, анын тарбиялануусунан, ички жана укуктук аӊ сезимдин төмөндүгүнөн, билим алуу кыйынчылыктарынан же кылмышкерлердин азгыруусунан улам пайда болот»,-деп баса белгиледи Шералиева.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын түрлөрүн ыкчам түрдө бетин ачууда, өзгөчө коомго коркунуч келтиргендиктен профилактикалык ишмердүүлүктү жандандырып, ар тараптуу комплекстүү түрдө социалдык-экономикалык, укуктук мүнөздөгү жалпы жана атайын чаралар, класстык сааттар райондун прокуратурасы тарабынан үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткандыгын кошумчалады.

Мындай жагдайлар боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан өз учурунда көрсөтмөлөр берилип, системалуу түрдө кылмыш иштердин жетишерлик жана сапаттуу жүргүзүлүшү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде окулуп турат.

«Андыктан, балдар арасында кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо, алдын алуу, суицидке жол бербөө боюнча бардыгыбыз бирдиктүү иш алып барсак гана бул кейиштүү фактылардан арылабыз»,-деди Жибек Шералиева.

25 Июль 2024 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча