Султанбеков менен Карамушкина камакта калтырылды

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы депутат жана партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын мүчөсү Роза Түрксеверди камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды. 

Маалыматка караганда, алар 13-январга чейин СИЗО-1де болот. 

Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

2 Декабрь 2024 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча