Сузак-Арал-Жийде унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусундагы Сузак-Арал-Жийде унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак-Арал-Жийде унаа жолуна асфальт төшөө иштерин, «Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барышты.

Быйыл аталган жолго титулдук тизменин планы боюнча 3, капиталдык салымдар беренесине ылайык 2 чакырымга асфальт төшөө каралган.

Бүгүнкү күндө 5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

9 Июнь 2024 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча