Депутат Тазабек Икрамов Сузак районунун Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугуп, шайлоочулардын маселелери менен жеринде таанышты.
Жергиликтүүлөр суу чарба, паспорт маселелери бүгүнкү күндө актуалдуу экендигин жергиликтүү элдин көйгөйү катары айтышты.
Ошондой эле, Найман жана Эркин айылдарынын ортосундагы эки чакырым жолдун бир чакырымы гана асфальтталып, айыл эли бүтпөгөн жолдо ылай кечип жүргөндөрүн, Жаңы-Жер айылы бала бакчага муктаж экенин, стадион оңдоп-түзөөнү талап кылаарын билдиришти.
Андан тышкары, учурда Жийде айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектеп капиталдык ремонтко муктаж болсо, С.Атабеков атындагы №88 орто мектебинде китепкана, спорт зал, атайын компьютердик класс, даараткана жок.
Депутат тарабынан аталган маселелерди тиешелүү органдарга жеткирүү убадасы берилди.