Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Кутманов Алтынбек Аскарович Свердлов районунун акими болуп дайындалды, деп билдирди Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин Максатбек Саргазаков аким болуп, ал Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.

24 Ноябрь 2023 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча