Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек – Ош жолунун 134-чакырымдарында кар жаап, жолду туман басты. Ошондой эле Төө-Ашуу ашуусунда да кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Чүйдүн жол милициясы «Бишкек-Ош»  унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, алдыда бараткан унаа менен болгон аралыкты сактоо жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоо керектигин эскертет.

Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы Бишкек — Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.

26 Октябрь 2023 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча