Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги жана ЖКККББ билдирди.

Кар көчкүнүн көлөмү 800 куб метрди түзөт. Учурда министрликтин кызматкерлери жолду кардан тазалоодо.

Жеринде жол тескөөчүлөрү да иш алып барууда.

8 Ноябрь 2024 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча