Түндүк Корея расмий түрдө Сеул менен биригүү идеясынан баш тартты

Корея Элдик Демократиялык Республикасы өлкөнүн жаңы конституциясы Түштүк Кореяны расмий түрдө “душман мамлекет” катары белгилей турганын ырастады. Бул тууралуу DW Кореянын борбордук маалымат агенттигине шилтеме жасап, жазып чыкты.

«Түндүк менен Түштүк Кореяны бириктирген автоунаа жана темир жолдорунун түндүк тилкелерин талкалоо «Түштүк Кореяны душман мамлекет катары так аныктаган Түндүк Кореянын Конституциясынын талаптарына ылайык көрүлгөн сөзсүз жана мыйзамдуу чара болду». Ушундайча Түндүк Корея расмий түрдө Сеул менен биригүү идеясынан баш тартты»,- деп айтылат маалыматта.

17 Октябрь 2024 жыл 18:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча