Түркиядагы бороондо метрону суу каптап, чатырлар учту

Түркияда бороондун кесепетинен калктуу конуштар жабыркады. Стамбулда бак-дарактар ​​кулап, метрону суу каптады, ал эми Чанкырыда катуу шамал мечиттин мунарасын талкалады, деп билдирет Tengri Travel.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы Анталиянын борборунда саатына 68,4 чакырымга, Кемер аймагында 118 чакырымга жеткен.

Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.

22 Апрель 2024 жыл 12:56

Тема боюнча