
Түштүк Кореянын тергөөчүлөрү өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду камакка алышты. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Кулатылган президенттин резиденциясында бир нече саатка созулган тирешүүдөн кийин бул жолу тергөөчүлөр аны тергөө бюросуна жеткире алышты. Учурдагы мамлекет башчы буга чейин кыска видеокайрылуу таратып, анда ал камакка алууну дагы эле мыйзамсыз деп эсептей турганын, бирок кан төгүлбөш үчүн тергөөчүлөр менен милицияга баш ийип бере турганын билдирген.
Декабрдын башында Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал киргизүүгө аракет кылган, андан кийин парламент аны козголоң чыгарууга аракет кылган деп айыптап, мамлекет башчысына импичмент жарыялаган.