Талас менен Кербенге учактар качан каттап баштары айтылды

Кербен шаары менен Таласка «Манас» аэропортунун «Асман» авиакомпаниясынын учактары учат. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов билдирди.

Анын айтымында, «Асман» авиакомпаниясы 3 учак сатып алган. Алар күзүндө келет.

«Учактар эски болгондуктан аларга тийиштүү жабдуулар орнотулуп жатат. Күзүндө келгенде Кербенге жана Таласка аба каттам ачылат», — деди ал.

Данияр Бостонов «Манас» аэропорту жакында туманда конууга мүмкүнчүлүк берген атайын жабдууну сатып алып жатканын кабарлады.

18 Июнь 2024 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча