Таласта 8 жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктап калды

Таласта 450 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Ага ылайык, Талас облусунун Талас районундагы Арал айылындагы Нанаев атындагы орто мектептин негизги курулуш жумуштары бүткөрүлүүдө, азыркы учурда айлана тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

«Мектеп 450 орунга ылайыкталып, учурда окуучулар үчүн эмеректер алынып, коюлууда. Курулуш иштери 2015-жылы башталган»,- дейт Жыпаркулов.

25 Сентябрь 2023 жыл 14:38

Тема боюнча