Таластагы мектепке Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан 367 250 сом каржылык колдоо көрсөтүлдү

Талас шаарындагы Р. Я. Рысакова атындагы №2 орто мектебинин музыкалык жабдыктарынын эскилиги жетип, ар кандай маданий иш-чараларды уюштурууда бир топ түйшүктөр жаралып келген. Мындай көйгөйдү Альянс Алтын өнүктүрүү фонду чечип берди.

Заманбап, жаңы музыкалык жабдыктарга болгон муктаждыкты чечүү үчүн Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен аталган мектепке үндү кубаттоочу музыкалык аппаратура, эки даана колонка жана 4 микрофон алынып берилди.

Буга кошумча окуучуларга ыңгайлуу санитардык шарт түзүү максатында мектептин дааратканасына оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында даараткананын терезелери алмаштырылып 12 даана унитаз, 5 даана писсуар орнотулду. Ал үчүн Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан жалпы 367 250 сом каржылык колдоо көрсөтүлдү.

7 Май 2024 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча