Ташиев Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

«Бул жерде түрмө болчу. Аны баарыңар билесиңер. Түрмө 50 жылдан бери турган экен. Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик администрациянын жаңы имаратын куралы деп чечтик. Адамдар эс алуучу сейил бак болот. Башка жерлерде чоң аянт бар эмеспи, митинг, чогулуш өткөрөт. Биздин Жалал-Абадда жок. Аны жакшы билесиңер. Эми бул жерде аянт, эс алуу сейил багы, мэрия болот»,- деди ал.

30 Август 2024 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча