«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков абактан кат жазды. Катта ал өзүнө өзү кол салбай турганын айткан.
«Мен эч нерседен коркпойм, силер да коркпогула. Биз бул шайлоодо жеңип чыктык! Мен эч нерсеге өкүнбөйм жана эч нерсеге күнөөлүү эмесмин», — деп жазган ал.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков ачкачылык кармоону улантып жатканын анын жактоочусу кабарлаган.