Темирлан Султанбеков ачкачылык кармоону улантып жатканы айтылды

Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармоону улантып жатат. Бул тууралуу адвокаты Айбек Турдуев билдирип, 18-ноябрда аны менен жолугуп чыкканын, Темирлан Султанбеков тамак жебей жатканына жетинчи күн болуп баратканын айтты. Анын сөзүнө караганда, ал кармалгандан кийин биринчи үч күн суу да ичкен эмес. Азыр суу ичип баштады.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Темирлан Султанбеков милициянын убактылуу кармоочу жайында турганда 16 саат токтоосуз суракка алынганын, “бул процессуалдык жактан мыйзамсыз” деп даттанганын билдирген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

19 Ноябрь 2024 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча