Тоңдо 7-баласын төрөө учурунда 45 жаштагы аял көз жумду

Тоңдо 45 жаштагы аял төрөт үйүнөн каза болуп, баласы ичинен чарчап калган. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктап, окуя 21-январга караган түнү болгонун билдирди.

«Аял төрөтканага толгоо тартып келген. Бирок абалы начарлап кеткен. Көрүлгөн чараларга карабай аял төрөгөнгө чейин эле каза болуп, ичиндеги баласы да чарчап калган», — дешти министрликтен.

Ошол эле учурда маалыматты Ысык-Көл ОИИБ дагы тастыктап, 21-январь күнү Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 03:45 чамасында Тоң райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнөн чалуу түшүп, төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгондугун билдиришти.

«Маалымат Тоң РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Териштирүү иштеринин алкагында, 21-январга караган түнү болжол менен саат 23:00 чамасында кош бойлуулуктун 40-жумасында Тоң районунун 1979-жылы туулган тургуну ичи ооруп, Тоң райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө кайрылган. Ал текшерилип, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылган. 21-январга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында аял дааратканага барып, чыгып келе жатып, өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыска убакыттын ичинде аялдын көз жумганы аныкталган. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, көз жумган аялдын жетинчи төрөтү экени айтылууда.

22 Январь 2025 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча