Тоңдо көл жарылып, айылды суу каптоо коркунучу жаралды (видео)

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшүп, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.

Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суу нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.

Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча, бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.

22 Август 2024 жыл 6:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча