
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясынын алдында Вашингтондо өткөн митингде Украина жаңжалын токтотуп, үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууну максат кыларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Украинадагы согушка чекит коем. Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салып, үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбайм. Ага канчалык жакын турганыбызды сиздер элестете да албайсыздар», — деген кызматына кирише турган өлкө башчы.
Мындан тышкары, Трамп мамлекеттин чек арасын коргоого көңүл бурарын, мында АКШнын кызыкчылыгы гана эске алынарын белгилеген.
«Канча жылдан бери башка мамлекеттерди чыңдап, алардын чек арасы менен аймагын коргоп келдик. Эми өз өлкөбүздү, өз чек арабызды бекемдеп, элибизге кам көрүүгө мезгил келди», — деди ал.
АКШнын жаңы шайланган президенти буга чейин бийликте болсо атайын операциянын башталышына жол бермек эместигин айткан. Эгер кайра шайланса Украина чырын бир күндө бүтүрүп кое аларын да билдирген.
Анткен менен Кремль бул бир күндө чечилип кала турган жөн салды маселе эмес экенин белгилеп келет.