Дональд Трамп Флоридада өзүнүн тарапташтарынын алдында сөз сүйлөдү. Сөзүндө ал өзүн АКШнын 47-президенти деп атады.
Трамптын башка билдирүүлөрү:
📍 Эми согуштар жок, мен согуштарды токтотом.
📍 Республикачылар Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөп, Сенатта да көпчүлүктү жеңип алышат.
📍 Президенттик жарыштагы бул жыйынтык — АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөн саясий жеңиш.
📍 Биздин багыт 180 градуска бурулат. Биз муну бардык тармактарда жасайбыз жана бул америкалыктар өз өлкөсүндө кайрадан көзөмөлгө ээ боло турган учур болот.
📍 Бул чындап эле Американын алтын доору болот. Биз Американы мурдагыдан да күчтүү, ден соолукта жана гүлдөгөн өлкө кылабыз.
📍 Мен бул жерде убада кылгандарымды аткарып, ар бир америкалыктын коопсуз, бай жана күчтүү өлкөдө жашашын камсыз кылуу үчүн турам.
📍 Трамп мыйзамсыз миграция менен күрөшүп, чек араларды бекемдөөнү, ошондой эле салыктарды азайтууну көздөп жатат.
📍 Президенттикке мурдагы талапкер Роберт Фрэнсис Кеннедиге саламаттыкты сактоо системасында кызмат сунушталат.
Дональд Трампты Франция президенти Эммануэль Макрон, Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан, Сербия президенти Александр Вучич жана Австрия канцлери Карл Нехаммер куттуктады.