Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды. Бул тууралуу Truth Social cоциалдык тармагы аркылуу билдирди.

«Орусия Украинаны согуш талаасында толугу менен “талкалап” жатканын эске алып, мен ага (Москвага) каршы кеңири масштабда банктык санкцияларды жана бажы төлөмдөрүн киргизүүнү олуттуу түрдө караштырып жатам. Бул чектөөлөр Украина менен Орусия ортосунда ок атышууну токтотуу жана тынчтык келишими түзүлмөйүнчө күчүндө болот. Орусия жана Украина, кеч болуп кала электе сүйлөшүүгө келгиле!» — деп жазды Трамп.

Орусиянын бийлиги Трамптын соңку билдирүүсүнө реакция жасай элек.

8 Март 2025 жыл 13:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча