АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп бейшемби күнү Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Washington Post окуядан кабары бар адамдарга таянуу менен жазды.
«Трамп Путин менен бейшемби күнү сүйлөштү. Бул экөөнүн шайлоодон кийинки алгачкы баарлашуусу болду», — деп жазылат маалыматта.
Макалада Ак үйдүн болочок ээси Россия президентин Украинадагы абалды курчутпоого чакырганы айтылат. Ошондой эле кырдаалды жөнгө салуу үчүн Путин менен мындан ары да байланышып туруу ниетин билдиргени белгиленген.
«Трамп жеке өзү Россиянын бир катар аймактарды ээлеп калары каралган келишимди (тынчтык) колдой турганын кыйытты», — деп жазылат кабарда.
Анткен менен азырынча гезиттин маалыматы расмий тастыктала элек.
Эскерте кетсек, «Валдай» эл аралык форумунда сүйлөп жатып РФ лидери Владимир Путин Дональд Трамп менен байланышты жандантуудан жана ага чалуудан намыстанбай турганын билдирген. Маалымат катчысы Дмитрий Песков теориялык жактан РФ президенти АКШнын жаңы шайланган өлкө башчысына чала аларын, бирок окуя кандай өнүгөрүн байкоо керектигин айткан.
Июндун орто ченинде Владимир Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуш берип, анда Крым, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарын Россиянын региондору катары таануу, Украинанын блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамы, антироссиялык санкцияларды жоюу каралган. Өлкө башчынын айтымында, демилге жаңжалды токтотуп, саясий-дипломатиялык нукка өтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Кийинчерээк РФ лидери Москва Стамбулда жетишилген макулдашуулардын негизинде Киев менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Бирок бул Украина Куралдуу күчтөрүнө запасын толуктап алууга мүмкүнчүлүк бере турган жарым сааттык же жарым жылдык элдешүү болбошу керек. Президенттин айтымында, мында кеп эки боордош элдин алакасын калыбына келтирүү жана өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташуусу тууралуу болуп жатат.