Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна тынчсыздануусун билдирет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

КР ТИМи тараптарды Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды туруксуздаштырууга алып келе турган мындан аркы аскердик аракеттерден алыс болууга чакырды.

Кыргызстан тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу үндөйт”, — деп айтылат маалыматта.

15 Апрель 2024 жыл 8:58

Тема боюнча