Унаасын камсызданбырбагандарга айып салынат

Ушу тапта Кыргызстанда бир жарым миллиондой унаа каражаты каттоодон өткөн болсо, анын жүз миңден ашууну гана камсыздандырылган.

Ушуга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга айып пулду 1-июлдан тарта салууну сунуш кылып жатат. Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунуш бүгүн 10-декабрда коомдук талкуууга коюлду.

Унаа каражаттарынын болгону он пайызы гана камсыздандырылса, калганына дагы убакыт берүү зарылдыгы мурдатан айтылып келе жаткан.

Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 1068 сомдон башталат. Камсыздандыруу унаанын күчүнө жараша болот.

Ал эми Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан башталат. Ал боюнча, автоунаасына камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынаары белгилүү эле.

11 Декабрь 2024 жыл 7:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча