Ушуну менен 22-депутат мандатын тапшырды

Бүгүн, 16-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт Кыргызстандан” депутат Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты. Ал буга чейин БШКга арыз жазган.

Чынберди Төлөнов 2023-жылы ноябрь айында диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген эле.

Анын мандаты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Жайлообай Нышановго берилди.

Буга чейин 7-чакырылышта 21 депутат мандатын тапшырышкан.

17 Декабрь 2024 жыл 8:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча